III Түштүк регионалдык Инвецтициялык форумдун катышуучулары Конфуций Институтунда

2014-05-27 10:59:33 446

23-май күнү Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурган III Түштүк регионалдык Инвестициялык форумдун катышуучулары Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван мырза баш болгон инверсторлор Ош мамлкеттик университетинин Конфуций Институту менен таанышуу максатында келишти. Келген конокторду ОшМУнун акыркы учурдагы онугуусу жана Конфуций Инстиутутунун абалы жонундо Институттун директору Т. Айтикеев тааныштырды. Келген конокторго Конфуций Институтунун студенттери чакан концерттик программа тартуулашты. Жолугушуу учурунда Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван мырза Ош областында Конфуций Институтунун ачылышы чон мааниге ээ экендигин баса белгилеп жана Институтту колдоп жаткан ОшМУга жана анын жетекчилерине терен ыраазычылык билдируу менен жайкы эс алуу мезгилинде Институттун 20 студентине жана 10 мугалимине Кашкар шаарына 1 жумалык эс алууга жолдомо тапшырып жана баардык чыгымдар Кытай тараптан толоно турганын белгиледи.