25-апрель күнү Кыргыз-Кытай факультетинде жыл сайын өткөрүлчү илимий жумалыктын биринчи күнү болуп өттү.

2018-05-02 19:13:36 459

25-апрель күнү Кыргыз-Кытай факультетининде жыл сайын өткөрүлчү илимий жумалыктын биринчи күнү болуп өттү. Ачылыш аземинде ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору тех.и.д.,проф..Кенжаев И.Г. илимий жумалыктын баштылышы менен куттуктап, бул күндөрдө өткөрүлчү иш чаралардын жемиштүү, ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Ачылуу аземи “Конфуцийдин цитаталарынын кыргыз коомчулугундагы кээ бир көйгөйлөргө дал келиши” аттуу илимий семинар менен уланды. Семинардын башында Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун Кеңешбекович жана Конфуций Институнун Кытай тараптан директору Лию Вэй Чиен мырза сөзгө чыгышып Кытай элинин улуу ойчулу Конфуцийдин идеяларынын,философиясынын Кытай элине жана дүйнө жүзүнө тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүшүштү. Андан кийин “Кытай тили жана Кытай таануу” кафедрасынын окутуучулары Абдыкаарова Турдукан, Пазылов Тыныстан жана Абдыкулов Марат илимий докладдарын окушту. Окутуучулардын докладдарын улай ККФнын студенттери; Турдалиев Амантур, Закирова Альбина, Равшанова Айпери илимий баяндамалары менен презентация жасашты жана ар бир баяндамадан кийин залдагы жалпы катышуучулар менен талкуулоо болду. Семинардын аягында ККФнын деканы иш чараны жыйынтыктоо менен бирге факультетте өздөрүн окууда,спортто, маданий иш чараларда көрсөтө алган ОшМУнун жана мамлекеттик деңгээлде факультеттин атын чыгарган студенттерге ардак грамота жана белектерди тапшырды.