Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери үчүн "Кытай маданияты жана адабияты" аттуу темада лекция өтүү менен бирге китеп жарманкеси өттү

2018-04-14 10:32:17 518

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Мурзахметов Абдымитал агай 13 апрель күнү Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери үчүн "Кытай маданияты жана адабияты" аттуу темада лекция өтүү менен бирге китеп жарманкесин да өткөрдү. Иш чара китеп жарманкеси менен башталып Абдимитал агай студенттерге өзүнүн жеке китепканасындагы Кытай өлкөсүнүн маданиятына, адабиятына тиешелүү эң кызыктуу китеп,гезит басылмаларын азыркы учурда сейрек кездешчү открыткалар менен студенттерди тааныштырды жана жарманкедеги көптөгөн китептер студенттердин кызыгуусун жаратты. Жарманкеден кийин агай аябай кызыктуу лекция окуу менен бирге, студенттердин суроолоруна жооп берип жатты. Жалпысынан иш чара аябай кызыктуу өтүп, студенттер агайдан мүмкүнчүлүк болсо дагы келип лекция окуп берүүсүн суранышты.