8 - МАРТ АЯЛДАР ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ МЕНЕН ДЕКАНДЫН КУТТУКТООСУ

2018-03-08 11:24:27 473

Урматтуу мээримдүү энелер, сүйүктүү эжелер жана карындаштар! Сиздерди жаркыраган жаз менен кирип келген бүткүл дүйнөлүк 8 - март аялдар эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаздай жаркыраган бул күн дүйнөдөгү эн асыл жан энелерге, эн назик жан аялзатына таандык! Аял - мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар, үйдүн куту, коомдун туткасы! Ошондуктан элибиз эзелтеден бери аялзатын үйдун куту, мээримдүү эне, акылына акыл кошкон аруузада, асылкеч деп баалап келген. Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, бакубат жашоосу энелердин колунда.Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс мээнети менен келгенбиз... Урматтуу айымдар! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. Турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиниздерге тилектешмин. Сиздерди терең урматтоо менен Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун!