ОШ МУНУН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН АНЫКТАДЫ

2017-12-29 11:22:16 485

Ош Мамлекеттик Университетинин Кыргыз-Кытай факультети окууда, маданий иш чараларда активдүү катышкан жана HSK тепкичтүү сынагында жогорку балга жетишкен 60 тан ашуун студенттерге сыйлоо баракчалары жана акыркы үлгүдөгү планшет жана баалуу смартфондор менен сыйланышып, HSK көп баскычтуу сынагынан жогорку бал алгандыгы үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары Үсөн уулу Маматаир сыйлоо баракча жана кымбат балуу телефон менен сыйланды. Конфуций Институнун кыргыз тараптан директору Айтикеев Токтосун Ош МУнун Кыргыз-Кытай факультетинин студенттерин алган сыйлоо баракчалары жана белектери менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ийгиликтерге жетишин каалады. Конфуций Институнун КЭР тараптан директору Лю Вейчиан студенттерге мындан да албан албан жетишкендиктерге жетишип, окууларына ийгилик каалады.