ИЕРОГЛИФТЕРДИ YЙРӨНYY БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ

2017-12-05 19:30:54 628

Ош МУнун Кыргыз-Кытай факультетинде КЭРден келген окутуучу волонтер Ли Жиенжун мырза студенттерге кытай тили, кытай иероглифтери, иероглифтердин пайда болушу, тарыхы, ачкычы, жазылышы, колдонулушу , байыркы жана азыркы иероглифтер жөнүндө кызыктуу лекция өтүп берди. Кыргыз-Кытай факультетинин Кытай тили окутуучулары студенттер менен кытай иероглифтерин жаттоонун, окуунун ыкмалары менен жана өздөрү кантип кытай иероглифтерин үйрөнгөнү тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү. Лекция абдан кызыктуу болуп, студенттер керектуу маалыматтарды ала алышты.