ЦИНЬХУА УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОКТОРАНТЫ ВАН ТАО МЫРЗА КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ " ЭМНЕ YЧYН АЗЫР КЫТАЙ ТИЛИН YЙРѲНYY АБДАН МААНИЛYY АТТУУ ТЕМАДА КЫЗЫКТУУ ЛЕКЦИЯ ѲТТY

2017-11-29 10:16:14 399

24-ноябрь КЭРдин эн алдынкы университети болгон Циньхуа университетинин докторанты Ван Тао мырза Кыргыз-Кытай факультетинин студенттерине "Эмне үчүн азыр кытай тилин үйрөнүү абдан маанилуу" аттуу темада кызыктуу лекция өтүп, маек куруп берди. Лекциянын мазмуну аябай бай жана ар тармактуу болуп билим берүү,саясат,экономика,дипломатияга байланыштуу пайдалуу маалыматтар студенттерге кенири берилип, лекция учурунда студенттер: Эмне үчүн азыр кытай тилин окуу маанилүү? Кытай менен Кыргызстандын билим берүүсүндө кандай айырмачылыктар бар?21-кылымдын Жибек Жолу Кыргызстанга кандай пайдалуу жактары бар? ж.б. кызыккан сууроолорго жооп ала алышты. Аябай кызыктуу лекция үчүн Ван Тао мырзага чон ыраазылык билдиребиз жана илимий изилдөөлөрүнө ийгиликтерди каалап кетебиз!