КОНФУЦИЙ ИНСТИТУНУН КУБОГУ

2017-11-22 10:08:46 432

Ош МУнун Кыргыз-Кытай факультетинде 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата Конфуций институнунун футбол боюнча таймаш өткөрүлүп, жалпысынан 9 команда 2 тайпада ойношуп, "А" группада 4 команда, "Б" группада 5 команда мыкты оюн көрсөтүп, көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алышты. Жыйынтыгында 1-орунга "Агайлар" командасы, 2-орунга "Бүтүрүүчүлөр" командасы, 3-орунга"Liberti" командалары ээ болуп, мындан башка "Мыкты дарбазачы", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" номинациялары берилип, сыйлоо баракчалары жана медалдар менен сыйланышты.