Адистерди даярдоо деңгээлдери жана багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Улуттук рейтинги

2017-10-31 19:36:24 413

Адистерди даярдоо деңгээлдери жана багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Улуттук рейтинги жөнүндө Ош МУнун ректору профессор К.Исаков 28-октябрь күнү административдик кенеште структура жетекчилерине маалымат берген. 31-октябрь факультеттин кезектеги жыйынында Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, доцент М.Манашов профессордук-окутуучулук курамга аталган маалыматты жеткирди. Ал өз сөзүндө: Көрсөтүлгөн рейтинг ОшМУнун кафедралары арасында да жүргүзүлөрүн айтып, ар бир критерий боюнча иштөө зарыл экендигин белгиледи.