АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

2017-10-22 14:27:12 425

Ош Мамлекеттик Университетинин Кыргыз-кытай факультетинде 2017-жылдын 20-октябрь күнү “Котормо иши” (колледж) багытыны боюнча окуу жана тарбия иштеринин сапатынын деңгээлин аныктоо, көйгөйлөрүн изилдөө менен аларды жоюу, окуу-тарбия иштерин уюштуруунун сапатын жогорулатуу максатында Ата-энелер чогулушу жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш чарага 60га чукул, балдарынын келечегине көңүл кош карабаган ата-энелер келип өз ойлорун, сунуштарын, каалоо тилектерин айтып кетишти. Ата-энелер үчүн факультет тарабынан кофе-брейк, чакан концерттик программа жана окуу корпусу менен жатаканага экскурсия уюштурулду.