ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2016 - 2017 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралар болуп өттү.

2017-04-20 16:11:05 465

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2016 - 2017 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралар болуп өттү. ОшМУнун Конфуций институтунун кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2017-жылдын апрель айында Ош шаарынын орто мектептеринде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулуп өттү. Бул жолугушууларга өз салымын кошкон: “Кытай тили жана Кытай таануу” кафедрасынын башчысы, Кыргыз – Кытай факультетинин декандын милдетин аткаруучу доцент Манашов М.Э., Кыргыз-Кытай факультетинин окуу иштери боюнча орун басары Каримов Гиесидин жана факультеттин эң мыкты көптөгөн студенттери менен биргеликте “Лингвистика” жана “Кытай таануу” багыттары жана ошондой эле колледж “Котормо иши” 11 жана 9-класстар боюнча кесипке багыттоо иштерин жүргүзүлүп өттү. Иш – чаралар Су Жунвей жана Фудун Лян окутуучулары жетектеген Кунгфу жана кытай музыкалык эл аспаптар ойнолгон концерттик программалар менен коштолду. Ош шаарындагы №4 Киров, №5 Ж.Бөкөнбаев, №2 К.Маркс, №18 А.Навои,Ломоносов, №27 орто мектеп жана ошондой эле Т.Сатылганов атындагы орто мектептер. Алай районундагы Отунчиев гимназия орто мектеби. Адышев атындагы орто мектеп жана ошондой Карасуу районундагы №49 Тельман, Ленин жана Манас орто мектептер.