Тышкы мобилүүлүк-2017

2017-04-12 13:55:42 513

Тышкы мобилүүлүк-2017 2017-2018 окуу жылында ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде Конфуций институту менен биргеликте тышкы мобилдүүлүктүн алкагында КЭРдин ЖОЖдоруна окуу стажировкасын өтүп келүү үчүн студенттер тандалмадан өттү. Факультеттин жана институттун окутуучулары тарабынан түзүлгөн критерийлерден өткөн студенттердин документтери чогултулуп, белгиленген ЖОЖдорго жөнөтүлдү.Жалпысынан факультет боюнча 38 студент тандалмадан ийгиликтүү өтүштү. Анын ичинен 1-курстан 14, 2-курстан 13, 3-курстан 10 студент. Андан тышкары 4-курстан 20 студент 2 жылдык магистратурага документтерин тапшырышты.Бүгүн 11-Апрель күнү КЭРдин ЖОЖдоруна 6 айлык жана 1 жылдык окуу стажировкасына бара турган студенттер менен тегерек стол өткөрүлдү. Ал иш-чарада өзүбүздүн маданиятыбыздын жакшы жагын көрсөтүү,башка элдин маданиятын сактоо, өзүн башка өлкөдө мыйзам чегинде алып жүрүү, диний көз караш, ата-эненин тилегин актоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана башка маселелер каралды. Студенттер тиешелүү маалыматтарды алып, кызуу талкуу менен өттү.