Конфуций институтунун ачылуу аземине аз күндөр калды.

2017-04-04 14:53:50 429

Конфуций институтунун ачылуу аземине аз күндөр калды. Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери Конфуций Институнун жаны окуу имаратына окуу жайдын ректору Исаков К.А менен биргеликте танышууга барышты .Институттун курулуш иши аяктап ачылуу аземине даяр болууда. Окутуучу волонтерлор жана студенттер үчүн замандын талабына ылайык беш кабаттуу жатакана жана бардык окуу шарттары менен курулуп жаткан беш кабаттуу окуу имараты окутуучулардын купулуна толду . Мындан бир жыл мурда Ош мамлекеттик университети Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп , Конфуций Институтунун курулушуна Кытай Эл Республикасындагы Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 000 доллар грант бөлүнгөн эле ,келишим университет тарабынан ишке ашырылып азыркы күндө окуу жайдын курулуш иши толугу менен аяктады.