Жаркыраган жаз айында кыялдар оорундалсын

2017-04-04 14:26:43 522

Жаркыраган жаз айында кыялдар оорундалсын 22.03.2017ж. Ош мамлекеттик Университетинин Конфуций институтунда Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча төртүнчү ирет кытай тилинде көркөм окуу конкурсу болуп өттү .Конкурс Конфуций Институтунун имаратында болуп өттү.Көркөм окуу конкурсу эки баскычтан өтүп эң мыкты алдынкы 15 студент финалдык мелдешке катышууга мүмкүнчүүк алышты,алар ОшМУнун ,Ош ТУнун жана ОГПИнин студенттери болду.Конкурс аябай кызыктуу өтүп биринчи орунду ОГПИнин студенти кытайча ысымы менен Сиобоа деген жигит биринчиликти багындырды ,ал эми экинчи орунду Конфуций институтунун төртүнчү курсунун студенти Жаныл атуу кызыбыз жана КК-2-15 тайпасынан Рысбек (Линсуан) аттуу катышуучулары жана үчүнчү орунга КК-1-15 тайпасынын Мохинур (Майуе) жана Дамира аттуу конкурсанттар женишке ээ болушту.Конкурстагы алдынкы дил баяндар Конфуций журналына да жаряланмакчы. Катышуучулар Институт тарабынан белектер менен сыйланды