Деканаттын футбол кубогу

2016-12-19 14:55:37 408

14.12.2016 Кыргыз -Кытай факультетинин деканаты тарабынан уюштурулган футбол боюнча декандын кубогу болуп өттү.Футболго факультеттин агайлары жана студенттери тайпа аралык мелдешишти .Мелдеш жогорку денгээлде болуп өттү.Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей факультеттин агайларынан түзүлгөн командасы катуу даярданышып ,студенттерден кем калышпай биринчиликти багындырышты.Экинчи орунду –жаш болушса да ,жаны келгенине карабай биринчи курстун тайпа аралык топтолгон командасы багындырды.Учунчу орун экинчи курстун студенттерине багынды.Мелдештин максаты студенттерди сергек жашоого үндөө,ар дайым спорт менен машыгуу жана ошондой эле студенттерди ар тараптуу болууга үйрөтүү болду.Катышкан командалар атайын деканат тарабынан даярдалган дипломдор жана белектер менен сыйланышты.