Кытай тилде ырдайбыз жана бийлейбиз!

2016-12-17 12:23:13 448

15.12.2016 «Өнөрүн болсо өргө чап» дегендей Ош Мамлекеттик Университетинин Кыргыз –Кытай факультетинин жергиликтуу кытай тили окутуучулары тарабынан уюшулган концерттик программадагы «кытай тилде ырдайбыз жана бийлейбиз»конкурсу болуп өттү.Конкурста факультеттин 11 база колледжинин студенттери тайпа аралык таймашышты.Таймаш 3турдан болуп өттү:1-тур кытай тилде ырдайбыз, 2-тур мода , 3-тур кытай бийин бийлейбиз.Конкурс абдан кызыктуу өтүп,ыр боюнча биринчи орунду кытай тилин үйрөнгөнүнө аз болсо да ,жандуу үн менен кытайча булбулдай созолонткон ККИ3-16группасынын студенти Анарбекова Мунара болду.Экинчи орунду «достор»деп ырдаган ККИ-3 группасынын сулуулары Акмарал жана Кундуз ээледи. Ал эми учунчу орунга ККИ-2 группасынан Осмонова Айзирек татыктуу болду. Бий боюнча биринчиликти дагы деле ККИ3-16 группасынын студенттери бербей келди. Экинчиликти ККИ-1-16 группасынын перилери, учунчу орунду ККИ -2-16 группасы багындырды.Катышкан студенттин ар бири дипломдор жана белектер менен сыйланышты.Дегеле айтып өтчү нерсе конкурс аз да болсо студенттердин окууга ,тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырат деген үмүттөбүз.