Ачык сабак

2016-11-16 16:03:48 478

2016-жылдын 15-16-ноябрь күндөрү ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультеттинин окутуучулары Абдыкаарова Турдукан жана Мамат кызы Клара ачык сабак өтүштү. Абдыкаарова Т “Байыркы кытайдын маданияты” сабагынан Кытай таануу багыты боюнча 2-курстун студенттерине интерактивдик усул менен ачык сабак өттү. Мамат кызы Клара англис тили боюнча 1-курстун студенттерине “Seasons and weather” темасына арналган ачык сабак өттү . Ачык сабакка ББСЖ департаментинин жетекчиси М. Алтыбаева, п.и.к, доцент М. Папиевич жана факультеттин окутуучулары катышты. Сабакка окутуучулар өз ойлорун,сунуш-пикирлерин, кеп-кеңештерин беришти.