ОшМУнун Конфуций институтунун 2016 - 2017 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралар болуп өттү.

2016-04-20 13:51:18 426

ОшМУнун Конфуций институтунун кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2016-жылдын 11-апрелинен 23-апрелине чейин Ош шаарынын орто мектептеринде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулуп өттү. Бул жолугушууларга өз салымын кошкон: “Кытай тили жана Кытай таануу” кафедрасынын башчысы, доцент Манашов М.Э., Конфуций институтунун директордун окуу иштери боюнча орун басары Үсөн уулу М. жана институттун эң мыкты, көптөгөн “Кытай тили” боюнча студенттик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү: Абдигапаров М., Манасбеков Т., Пиназарова А., Бакыт у. Д., менен биргеликте “Лингвистика” жана “Кытай таануу” багыттары боюнча кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп өтүштү. Иш – чаралар Су Жунвей жана Фудун Лян окутуучулары жетектеген Кунгфу жана кытай музыкалык эл аспаптар ойнолгон концерттик программалар менен коштолду.