Рысбаева Гүлнур Биринчи чет тилинин аудированиеси дисциплинасынан ФА-3-22 тайпасына ачык сабак өттү

2024-12-20 10:28:12 61

ККФнын Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Рысбаева Гүлнур бүгүн 20-декабрь күнү Биринчи чет тилинин аудированиеси дисциплинасынан ФА-3-22 тайпасына "What are the advantages and disadvantages of Modern Technology?" деген темада ачык сабак өтүп берди. Сабакта топто иштөө, оюн ойнотуу аркылуу студенттерди кызыктыруу менен алардын сабакка активдүү катышуусун камсыз кылды. Жаш окутуучу экендигине карабай Гүлнур эжеке окутуунун өз усулу менен тааныштырды. Ачык сабакка катышкан окутуучулар өздөрүнүн сунуштарын, пикирлерин айтышып, өз ара талдоо жүргүзүштү.