Кыргыз-Кытай факультетинин КК(б)-1-21 тайпасынын студенти Калысбек кызы Таңсулуу президенттик стипендияга ээ болду.

2024-12-17 12:04:43 75

2024-жылдын 16-декабрында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 90 студентке президенттик стипендияларды тапшырды. Ал президенттик стипендияга быйылкы жылы ОшМУнун студенттери да ээ болушту. Алардын катарын Кыргыз-Кытай факультетинин КК(б)-1-21 тайпасынын студенти Калысбек кызы Таңсулуу да толуктады. Ал аталган мааракенин салтанаттуу аземине катышып, сыйлыкты президенттин өз колунан алып кайтты. ККФнын жалпы окутуучулар жана студенттер жамааты Таңсулууну куттукташат: "Урматтуу Калысбек кызы Таңсулуу! Сизди Президенттик стипендия алууңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул — сиздин үзүрлүү эмгегиңиздин жана билимге болгон тынымсыз аракетиңиздин натыйжасы. Бул ийгилик сизди максаттарыңызга жетүү үчүн дагы алга сүрөп, чоң ийгиликтерге жетелейт. Ушул ийгилигиңиз сиз үчүн жаңы башталыш болуп, дагы көп жогорку жетишкендиктерге жетүүгө түрткү болсун!”