Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучуcу Жусуп кызы Нурзирек 1-курстун КЛ-1-24 тайпасына ачык сабак өттү.

2024-12-12 08:56:47 81

Бүгүн 2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучуcу Жусуп кызы Нурзирек 1-курстун КЛ-1-24 тайпасына ачык сабак өттү.Окутуучу сабактын башында сабактын максаттарын жана милдеттерин так жана түшүнүктүү баяндап берди. Сабактын негизги максаты: “should” конструкциясын колдонуп кеңеш берүүдө практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү болгон. Ачык сабак жакшы уюштурулган жана студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылды. Мугалим “should” конструкциясын үйрөтүүдө ар тараптуу ыкмаларды колдонуп, студенттерге түшүнүктүү жана кызыктуу сабак өтүп берди. Сабактын максаттары толугу менен аткарылды жана студенттер сабакта маанилүү көндүмдөргө ээ болду.