2024-жылдын 26-27-ноябрь күнү ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде эл аралык семинар болуп өттү.

2024-11-28 19:46:50 11

2024-жылдын 26-27-ноябрь күнү ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде эл аралык семинар болуп өттү. Бул семинарга КЭРдин ОшМУ менен эки тараптуу келишим түзүлгөн Синьцзян педагогикалык университетинен Лю Хон Ю мырза -философия илимдеринин доктору, Чжан Цзе айым - Синьцзян педагогикалык университетинин кытай тили жана адабияты факультетинин доценти келип Кыргыз-кытай факультетинде эмгектенип жаткан кытай тилчилерге "академиялык өркүндөтүү" темасында сөз сүйлөп, окутуучулар менен илимий макала жазуу, алдыңкы илимий журналдарга тапшыруу жана маданияттар аралык байланыш жаатындагы академиялык изилдөөлөр сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча семинар өтүп берди. Семинардын максаты терең академиялык баарлашуу аркылуу окутуучулардын кесиптик квалификациясын жана педагогикалык жөндөмдөрүн ар тараптуу жогорулатуу, ошондой эле Конфуций институтунун алкагында академиялык изилдөөлөрдү жана педагогикалык инновацияларды андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү болду. ОшМУнун алдындагы Конфуций институтунун жалпы жамааты Синьцзян педагогикалык университетине ар дайым колдоо көрсөтүп, жардам бергени үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Кытайдын эл аралык билимин өркүндөтүү үчүн мындан ары да талыкпай эмгектенүүгө убада беришти. Семинарга катышкандарга эл аралык сертификаттар менен сыйланышты.