2024-11-28 19:26:52 12
2024-2025-окуу жылынын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын Конфуций институтунун “Кытай тилин окутуу жана кызматташуу” уюму тарабынан уюштурулуп жаткан “Кытай тилин окутуу” конкурсунун 1-туру Кыргыз Республикасындагы кытай тили боюнча окутулуп жаткан жогорку окуу жайларынан (Ош мамлекеттик университети, Бишкек мамлекеттик университети жана Кыргыз улуттук университети) 15тен ашуун жергиликтүү кытай тилчи мугалимдер видео-сабак өтүп катышышкан. КЭРдин Пекиндеги комиссиясынын чечими менен финалдык баскычка Кыргыз Республикасынан 3 окутуучу өттү. Алардын арасында ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин кытай тили сабагынан окутуучу-магистр Мухтар уулу Зияулхак агай да финалдык баскычка жолдомо утуп алды. Мелдештин финалдык баскычы 2024-жылдын 28-29-ноябрында Тажикстандын Тажик улуттук университетинин Конфуций институтунда болуп өтөт. Мухтар уулу Зияулхак агайга ийгилик каалайбыз.