2024-11-28 18:44:37 13
ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Шанхай Цзяотун университетинин Гуманитардык илимдер факультетинде болду. Эки тараптуу жолугушуу уюштурулуп анда ККФнын деканы Усөн уулу М. жана ККФнын окутуучусу Акылбек уулу Э., Кытай тараптан факультеттин парткому Цзи Хун айым жана тиешелүү жумушчу топ катышышты. Жолугушууда Шанхай Цзяотун университетинде 2+2 кош дипломдук программада окуп жаткан Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери Жапарова Таттыбубу жана Кадырова Бегоимдин квалификациялык жумуш окуу планы талкууланып, жаңы тапшырмалар аныкталды. Студенттердин учурда мыкты окуп, жетишкендиктерди жаратканы жана эки тараптуу мамилени бекемдеп, өнүктүрө бермекчи. Белгилей кетсек жогоруда аталган окуу жай, Дүйнөлүк рейтингде ТОП 50, КЭРде ТОП 3 кирет. Гуманитардык илимдер факультети Кытайда эң алгачкы факультеттерден болуп, көп тажрыйбалуу жана көптөгөн илимий изилдөөлөрдү жетектеп келет. Тарапташтар өз ара белектерди беришип, жолугушуу жагымдуу маанайда өттү.