2015-10-07 12:33:08 483
ОшМУда Конфуций күнү белгиленди 28-сентябрда дүйнөдө Конфуций институнун ачылганына 11 жыл толгонуна байланыштуу ОшМУда Конфуций күнө белгиленди. Салтанатка ОшМУнун ректору Исаков Каныбек, КЭРдин Ош шаарындагы Башкы Консулдугунун вице- консулу Ма Сяо мин айым, университет жетекчилиги, мугалимдер жана студенттер катышышты. ОшМУнун ректору Исаков Каныбек Абдуваситович куттуктоо сөз сүйлөп, 2016-жылы институт үчүн жаңы окуу имарат курулаарын жана колледж ачуу пландары менен тааныштырып, катышуучулардын алкоосуна татыды. Ал эми, КЭРдин Ош шаарындагы башкы консулдугунун вице-консулу МаСяомин айым Конфуций институту эки өлкөнүн маданий кызматташуу тармагында чоң роль ойноп, келечеке кытай маданиятын, тарыхын, тилин мыкты билген жаштарды тарбиялап жатканын белгилеп, жаштарга окууда жана башка тармакта эң мыктылардан болуусуна тилектештигин билдирди. Салтанатта, студенттер ар түрдү кытай ыр-бийлерин, мушкер өнөрүн аткарышып, катышкандарга кызыктуу концерттик программа тартуулашты. Келген коноктор аягында институт тарабынан уюштурулган кытай тилине жана маданиятына байланыштуу көргөзмөгө күбө болушту.