22-сентябрь.

2015-10-06 12:09:27 418

22- сентябрь. Конфуций Институтунда “Тил майрамы” белгиленди. Институттун директору Айтикеев Т. “Тил майрамы” менен студенттерди жана окутуучуларды кызуу куттуктап, мамлекеттик тилдин мааниси, бүгүнкү күндөгү абалы жана мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттер жөнүндө сөз кылып конкурстун катышуучуларына ийгилик каалады. 1 курстун студенттеринин катышуусунда Санжыра, Мурас, Ак Шумкар, Барсбек деген тайпаларга бөлүнүп конкурс болуп өттү. Конкурска жюри болуп мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Акишова Гулзина, кыргыз тил мугалими Закирова Бермет, институттун “кытай тили жана кытай таануу” кафедрасынын башчысы Манашов Мирлан, институттун директору Айтикеев Токтосун катышып, конкурстун жеңүүчүлөрүно жана эң мыкты катышкандарга грамота, сыйлыктарды тапшырышты.