1-сентябрь. Конфуций Институтунда "Билим майрамы" өттү.

2015-10-05 12:02:20 614

      1-сентябрь күнү ОшМУнун Конфуций институтунда 2015- окуу жылында кабыл алынган студенттердин катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулушта Институттун кытай тараптан директору Гуо Вейдун съз сүйлөп, студенттерге келечектеги търт жыл аралыгында окууда ар бир студент жакшы жетишкендиктерге жетишип, эки өлкөнүн достук мамилесине, ар тараптуу кызматташуусуна зор салым кошотурган кесип ээлери болушуна тилектештигин билдирди. Ал эми кыргыз тараптан Институттун директору АйтикеевТоктосун студенттерге институт жана мугалимдер жөнүндө кеңири маалымат берип, студенттердисабактарга жакшы көңүл бөлүп, эң алдыңкы студенттерден болуусун талап кылды. Аягында студенттер өздөрүнүн группасы менен бирге олтуруп таанышуу чогулушун өткөрүштү. Азыркы күндө институтта жалпы 256 студент билим алууда, быйылкы 2015- жаёы окуу жылында 83 студент кабыл алынып кытай таануу жанак котормочу кесиби боюнча билим алууда. 2013 - жылдан тартып институт Кыргызстандын түштүк аймагында эл арасында аябай зор таасир калтырып, къптъгън жаштар институтта кытай тилин үйрөнүүнү тандап жатышат.