КЫТАЙ ТИЛИН ОКУТКАН ОКУТУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СЕРТИФИКАТ АЛЫШТЫ

2024-01-29 02:45:04 62

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде Ош шаарындагы жана Ош облусундагы кытай тилин окуткан окутуучулар үчүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана профессионалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү, заманбап жаңы технологияны колдонуп сабак өтүүгө методикалык жардамдарды көрсөтүү максатында Кытайдын Билим берүү министрлигинин астындагы “Кытай тили жана чет тилдери кызматташтык борбору”, Синьцзян педагогикалык университети менен ОшМУнун Конфуций институту тарабынан демилгеленген квалификацияны жогорулатуу боюнча тренинг болуп өттү. Тренингде Кытай тараптан Синьцзян педагогикалык университетинин кытай тили жана адабияты факультетинин директору Чжан Цюаньшиен, окутуучу-профессорлору Ли Ян, Эл аралык маданий алмашуулар факультетинин доценти Чжан Ли, окутуучу Чжан Тинган лекция окуду. Тил үйрөнүүдөгү жаңы ыкмаларды, заманбап технологияларды үйрөтүүгө багытталган 1 жумалык курска ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин, Эл аралык билим берүү программалар колледжинин, Ош технологиялык университетинин окутуучулары, Ош шаарындагы, Ош облусундагы орто мектептерде кытай тилин окуткан мугалимдер катышышты. Алар 3 күн теориялык билим алып, 2 күн алган билимдерин практикалап, көргөзмөлүү сабак өтүп беришти, өтүлгөн сабактар боюнча кытайлык профессорлордун сын-пикирлерин жана баалуу кеңештерин угушту.