ОшМУнун Конфуций институтунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

2023-12-05 11:16:01 75

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин (Конфуций институту) 10 жылдыгына арналган иш-чара 30-ноябрда Ош шаарындагы Бабур театрында белгиленди. Салтанатка Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Кытайдагы, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан келген коноктор, мекеме-ишканалардын жетекчилери, факультеттин жамааты, ата-энелер, студенттер катышты. Салтанаттуу аземде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков 10 жыл аралыгында ОшМУнун Конфуций институту өзгөчө ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи. “2015-жылы институт «Конфуций моделдик институтун» куруу боюнча глобалдык долбоордун жеңүүчүсү болду. 2017-жылы институт "HSK кытай тилин билүү сынагынын мыкты тест борбору" наамын алды. 2019-жылы Конфуций институтунун окутуучусу Марат Абдыкуловго “Конфуций институтунун алдыңкы кызматкери” наамы ыйгарылса, 2022-жылы Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев Кытайда “Тяньшань сыйлыгы” менен сыйланды. Ушул эле жылы Токтосун Айтикеевге Пекин шаарындагы Конфуций институттарынын штаб квартирасы тарабынан Конфуций институтунун «10 жылдык юбилейи» медалы тартууланды. Бүгүнкү күндө ОшМУнун Конфуций институту студенттерге жана магистранттарга адистиктер боюнча илимий даражаларды ыйгаруу укугуна ээ болгон Борбордук Азиядагы жалгыз Конфуций институту болуп саналат”,-деди. Бул жетишкендиктер Конфуций институтунун бардык окутуучуларынын аракетинин, ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун натыйжасы экендигин белгиледи. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө коноктор Кыргыз-Кытай факультетинин 10 жылдык мааракесине арналган куттуктоо сөздөрүн айтып, факультеттин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Мааракеге карата жыл ичи факультетте уюштурулган спорттук, маданий иш-чаралардын жеңүүчүлөрү сыйланды. Кыргыз-Кытай факультети кытай таануу, лингвистика жана филология адистиктерин даярдайт. Учурда факультеттин 28 сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дубайда, 20 бүтүрүүчү Орусияда, бир бүтүрүүчү Америкада, үч бүтүрүүчү Кытайда эмгектенип жатышат. Андан сырткары окууну мыкты аяктап, билимин жогорулатып келген 10 бүтүрүүчү ОшМУ эмгектенишүүдө. ОшМУ Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен байланышып, анын ичинде 20дан ашуун университеттер менен кызматташуу келишимдерине кол койгон.