«Спорт-бизди бириктирет» аттуу спорттун волейбол түрү боюнча кубогу болуп өттү.

2023-11-15 08:34:22 21

10-11 ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун 10 жылдыгына арналган Конфуций институтунун «Спорт-бизди бириктирет» аттуу спорттун волейбол түрү боюнча кубогу болуп өттү. Мелдешке ОшМУдагы факультеттер жана колледждер катышып, жалпысынан 12 команда ат салышт. Финалда 1-орун: Кыргыз-кытай факультети. 2-орун: Индустриалдык педагогикалык колледж. 3-орун: Медициналык колледж. 4-орун: STEM инновациялык колледжи.