ОшМУ элдердин башын бириктирет”

2023-11-15 03:35:46 51

Бүгүн, 25-октябрь “ОшМУ элдердин башын бириктирет” аттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чарада 10 чет өлкөнүн (Испания, Индия, Өзбекстан, Япония, Россия, Пакистан, Түштүк Корея, Тажикстан, Кытай) жана Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинде окуп жана иштеп жаткан өкүлдөрү улуттук маданиятын, кийим-кечесин, тамак-ашын, каада-салттарын ж.б. руханий-маданий баалуулуктарын көрсөтүшүп, өз эне тилинде улуттук ырларын ырдашып, элдик бийлерин аткарышты. 1-орун: Кыргыз-Кытай факультети ээледи.