HSK жана HSKK кытай тилин билүү сынагын ийгиликтүү өткөрдү

2023-11-15 03:29:44 45

2023-жылдын 15-октябрында ОшМУнун Конфуций институту 2023-окуу жылы үчүн HSK жана HSKK кытай тилин билүү сынагын ийгиликтүү өткөрдү. Сынакка Ош шаарында Кытай тилин окуп жаткан студенттер жана жакынкы кошуна мамлекет Өзбекстандан да Кытай тилин үйрөнүүчүлөр келип тапшырышты. HSKK тести HSKK сынагы Лингафондук кабинетте, аудиону кунт коюп угуп, жооп беришишти. Конфуций институту тарабынан экзамен тапшыруучуларга мыкты шарттар түзүлү, China Examination International уюмунун талаптарына ылайык өткөрүлдү. HSK жаңы кытай тилин билүү тести кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн профессионалдуу жана ар тараптуу тест. HSK жана HSKК сынагын тапшырып, сертификатын алгандар үчүн КЭРдин ЖОЖдорунда гранттык окууга жана КЭР алдынкы компанияларында жумушка кирүүгө талап кылынат.