ОшМУ менен Пекин педагогикалык университетинин кызматташтыгы жанданат

2023-10-15 03:05:59 95

Кытайдын Пекин педагогикалык университетинин жаштардын дизайн жана инновация борборунун жетекчиси Ли Цунжун баштаган окутуучулар жана студенттерден турган делегация ОшМУда болду. Делегация "Пекин педагогикалык университети жана Кыргызстандын 5 университетинин ортосунда болуп жаткан мугалим жана студенттердин дизайн багыты боюнча алмашуу" олбоорунун алкагында иш алып барууда. Коноктор ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров, коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева жана искусство факультетинин жамааты менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча сүйлөшүштү. Жыйынтыгында Пекин педагогикалык университети менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Ага ылайык, ОшМУнун искусство факультетинин 1 окутуучусу жана студенти келе жаткан жылда Кытайга барып, атайын иш-чарага катышат. Ошондой эле "Пекин педагогикалык университети жана Кыргызстандын 5 университетинин ортосунда болуп жаткан мугалим жана студенттердин дизайн багыты боюнча алмашуу" долбоорунун алкагында онлайн иштерди жүргүзүшөт. Бул күнү конокторго концерт коюлуп, ОшМУнун окуу корпустарына саякат уюштурулду. Мындан сырткары делегация өкүлдөрү искусство факультетинин “Дизайн” багытында билим алып жаткан студенттерге атайын мастер класстарды өтүп беришти.