ОшМУнун Конфуций институтунун директору Конфуций институттарынын штаб квартирасы тарабынан медаль менен сыйланды

2023-09-29 03:07:36 125

ОшМУнун Конфуций институтунун директору Айтикеев Токтосун Пекин шаарындагы Конфуций институттарынын штаб квартирасы тарабынан медаль менен сыйланды. Сыйлоо аземинде Кытайдын Билим берүү министрлигинин алдындагы кызматташуу жана эл аралык тил борборунун директору Ма Цзяньфэй Конфуций институтунун «10 жылдык юбилейи» медалын тапшырып жатып Айтикеев Токтосун 10 жылдан ашык убакыт талыкпай эмгектенип Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий гуманитардык байланыштардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуу менен бирге дүйнө жүзүндөгү эң мыкты Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтун жетектеп ийгиликтерди жаратып жаткандыгын белгиледи. Белгилей кетсек ОшМУнун Конфуций институту дүйнө жүзүндөгү 500 дон ашуун институттардын арасынан «Эн мыкты Конфуций институтут наамына» ээ болгон.