Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгын утурлай кыргыз-кыргыз кытай факультетинин студенттери тарабынан "Тилим-менин тирегим" аттуу майрамдык достук-таймаш уюштурулду

2023-09-25 12:56:11 84

Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгын утурлай кыргыз-кыргыз кытай факультетинин студенттери тарабынан "Тилим-менин тирегим" аттуу майрамдык достук-таймаш уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты: мамлекеттик тилди даназалоо, Мекенди сүйүү, эл-жерин сыйлоо, студенттердин ортосундагы достук мамилени арттыруу. Анда студенттер тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган ырлар көркөм окулуп, Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, макал-лакаптар, ыр-бийлер менен коштолуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чаранын соңунда окутуучулар тарабынан сөз сүйлөнүп, мамлекеттик тилибиздин мындан ары да өнүгүшүнө салым кошуучу муун өсүп келе жатканын, мамлекеттик тилибиз бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк ареналарда сүйлөнгөн тил болуусу керектигин баса белгилеп кетишти.