М.Абдыкулов Кытайда өткөн дүйнөлүк форумда баяндама жасады

2023-09-25 02:54:18 88

Кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Марат Абдыкулов Кытайдын Дунхуан шаарында өткөн “Алтынчы эл аралык Жибек Жолу” маданий форумуна катышты. Бул эл аралык форумга дүйнөнүн 16 мамлекетинен кытай таануучулар, Шанхай кызматташытык уюмуна мүчө өлкөлөрдөн окумуштуулар, эксперттер келишти. Форумдун жүрүшүндө Марат Абдыкулов «Кытай тилинен кыргыз тилине которулган китептердин кыргыз кытай таануу илимине тийгизген таасири» аттуу баяндама жасады. Ошондой эле дүйнөдөгү кытай таануу илимини өнүгүү абалы , маселелери боюнча кызуу талкуулар болду. Бул форумга улай чет өлкөлөрдөн келген кытай таануучулар Циндао шаарындагы жаңы гана түптөлгөн Дүйнөлүк кытай таануучулар борбору менен таанышты. Аталган борборго Марат Абдыкулов ОшМУнун кытай таануучуларынын колунан жасалган эмгектерин белек кылды.