Кытайдын Лимин кесиптик университети ОшМУ менен кызматташат

2023-09-18 11:16:04 94

Кытайдын Сямэнь шаарында өткөн «Онунчу Кытай – Орто Азия кызматташтык форумунун” алкагында ОшМУ менен Фуцзянь провинциясынын Лимин кесиптик университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Жолугушууда Лимин кесиптик университетинин жетекчилиги менен кызматташуунун кенен спектри талкууланып академиялык алмашуулар, кыска мөөнөттүү кытай тили курстарын жана кытай тилин окуган студенттер үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү макулдашылды. Ошондой эле Лимин университетинин материалдык-техникалык базасы жана студенттердин практика базалары, өндүрүштүк лабораториялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Белгилей кетсек Лимин кесиптик университетинде дүйнөгө белгилүү ANTA, KELME, JOMA, ERKE спорттук кийимдерин иштеп чыгаруу лабораториялары жайгашкан. Бул лабораторияларда университеттин окутуучулары эмгектенсе, студенттерге окуп үйрөнүү менен бирге тажрыйба жүргүзүүгө болот. Кытайдын Сямэнь шаарында өткөрүлгөн «Онунчу Кытай – Орто Азия кызматташтык форумуна” Кыргыз-кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев катышты. Бул форум Кытай менен Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мамилени өнүктүрүүгө багытталган.