Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ОшМУнун Конфуций Институнда конокто болушту.

2023-09-12 03:06:18 110

Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь айым өзүнүн иш-сапары менен ОшМУнун Конфуций институтуна келди. Элчини КР билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана ошондой эле Конфуций институнун жалпы жамааты тосуп алышты. 1-бөлүк институттун окуу имаратына саякат болсо, 2-бөлүк талкуу менен коштолду. Талкууда Конфуций институтунун 10 жылдык ишиердүүлүгү жөнүндө сөз болуп, келечектеги алдыга койгон максаттар дагы ортого салынды. Жыйынтыгында коноктор тарабынан Конфуций институтунун 10 жылдык ишмердүүлүгүнө “эң жакшы” деген баа берилди.