Шихэцзы университети ОшМУ менен эки тараптуу кызматташат

2023-09-12 02:58:58 66

2023-08-19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Шихэцзы университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду. Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган. Эки тарап тең жолугушууда кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.