“Кытай тили көпүрөсү” жайкы окуу лагери Кытайдын Далянь шаарында старт алды

2023-09-12 02:55:42 45

ОшМУнун Конфуций институту жана КЭРдин Түндүк-Чыгыш финансы экономикалык университенинин Эл аралык билим берүү институнун ортосундагы келишимдин негизинде “Кытай тили көпүрөсү” жайкы окуу лагери Кытайдын Далянь шаарында старт алды. Ачылуу аземи 12-августта болуп өттү. Аземде Түндүк-Чыгыш финансы экономикалык университенинин Эл аралык билим берүү институнун деканы Дэн Лили, окутуучу Цуй, ОшМУнун Конфуций институнун атынан кытай тили окутуучусу Пазылов Тыныстан агай өз сөздөрүн сүйлөштү. Аземдин аягында Эл аралык билим берүү институнун партиялык катчысы Инь Минхэ айым өз сөзүндө Кыргызстандан келген меймандарды жылуу куттуктап ар кандай коопсуздук эрежелер менен тааныштырып, баарына ийгилик каалады. Далянь шаарындагы жайкы окуу лагерь эки жумага созулмакчы.