Студенттер үчүн жайкы лагерь

2023-08-11 09:45:13 52

ОшМУнун Конфуций институтун студенттери үчүн Кытайдын Далянь шаарына жайкы лагерь уюштурулду. 2023-жылдын 10-август күнү 17 студент жана 2 окутуучу Кытайдын Түндүк-Чыгыш финансы университетине 2 апталык лагерге жөнөп кетишти. 9 август күнү Конфуций институтунун жана Кыргыз-Кытай факультетинин жетекчилиги тарабынан жайкы лагердин катышуучуларына жана ата-энелерге лагерь жөнүндө маалымат берилди, коопсуздук эрежелери айтылды. Эске салсак, COVID-19 эпидемиясынан кийин ОшМУнун Конфуций институту тарабынан жайкы лагерлерди уюштуруу иштери жандандырылды. 2 апталык лагердин жүрүшүндө студенттер үчүн кытай тили, каллиграфиясы, кытай музыкасы, Ушу өнөрү менен жакындан таанышуу менен бирге, Далянь шаарынын тарыхый, маданий жерлерине экскурсиялар уюштурулат.