2023-06-19 11:53:59 99
Кытай өлкөсүнө жөнөп жаткан студенттер жана алардын ата энелери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу учурунда 1 семестрге, 1 жылга тил стажировкаларына жана магистратурага бара жаткан студенттерге окуу процесси жана виза маселелери боюнча маалыматтар берилди. Жыйындын сонунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты. Учурда Кыргыз-кытай факультетинин 60 тан ашуун студенти Кытай өлкөсүнө барып бюджеттик негизде билим алып келүүгө даярдыктарды көрүүдө.