Кытайдын Сиань Сыюань университети менен байланыш бекемделет

2023-06-08 09:11:37 94

2023-жылдын 6-май күнү Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койду. Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган. Иш-чара ректор Кудайберди Кожобеков, Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев, «кытай тили жана кытай таануу» кафедрасынын башчысы Абдыкулов Марат баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында орун алды. Ректор К. Кожобеков баштаган делегация Сиань Сыюань университети менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.