АЧЫК САБАК

2023-06-01 09:33:07 161

2023-жылдын 26-майында Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Тыныстан Пазылов КЛ-1-21 тайпасына кытай тили дисциплинасы боюнча "Кытай тилиндеги конструкциялар" деген темада ачык сабак өттү. Сабак ОшМУнун окуу- методикалык кенеши тарабынан алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылту жана жаш окутуучуларга методикалык жардам беруу максатында пландалган. Ачык сабакка структуранын усулдук кенешинин терайымы, факультеттин окутуучулары жана ББСБнын методисттери катышты. Ачык сабак окуу жайдын "Умут" телестудиясы тарабынан тасмага тушурулду.