ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2023 бүтүрүү аземи болуп өттү.

2023-05-24 09:43:40 109

2023-жылдын 23-майында ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин бүтүрүү аземи болуп өттү. Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев Токторсон куттуктоо сөзүн сүйлөп, аземге келген ата-энелерге ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөр үчүн калоо тилектерин айтып, ар бир бүтүрүүү студенттик жашоону артка таштап, коомго аралашып, жакшы келечек түзөөрүнө тилектеш экендигин билдирди. Конфуций институтутнун окутуучу волонтерлорунун атынан Чен Вэнь айым да сөз сүйлөп, студенттер бүтүп кеткен соңда факультет менен тыгыз байланышта болот деп ишенээрин билдирди. Келген конокторго чакан концерттик программа тартууланды. 2022-2023-окуу жылында алдыңкы студенттерге сыйлоо баракчалары тапшырып, аларды талыкпай эмгектенүүгө, чоң жетишкендиктерге жана мындан аркы ийгиликтерге үндөдү. Ошондой эле ата-энелердин өкүлдөрү да бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, балдарынын бүгүнкү жетишкендиктери менен сыймыктанышты. Ошондой эле факультеттин жетекчилерине жана окутуучуларына ыраазычылык билдирип, факультеттин мындан кийинки иштерине ийгилик каалашты.