“КӨРКӨМ ИЕРОГЛИФТЕР” АТТУУ ҮЧ ТУРДАН ТУРГАН СЫНАК ӨТТҮ

2023-03-10 09:25:48 127

Кыргыз-кытай факультетинин лингвистика жана котормо кафедрасынын 2-3-4-курстарынын студенттеринин арасында “Көркөм иероглифтер” аттуу үч турдан турган сынак өтүп, финалдык бөлүктө 8 студент күч сынашты. Сынактын жыйынтыгында 1- орунду 4-курс КЛ-1-19 тайпасынын студенти Заирбекова Асель ,2-орунду ошол эле КЛ-1-19 тайпасынын студенти Даниярбек уулу Амантур, 3-орунду 2-курс КЛ-1-21 тайпасынын студенти Бегали кызы Назми жеңип алышты. Сынактын максаты -иероглифтердин структурасын жаттоо, иероглифтерди туура жазуу, сөз байлыгын байытуу,сөз айкаштарында жана фразеологизмдерде иероглифтерди туура колдонуу болуп саналат.