«ЖЕТИЛГЕН КУРАК» КИТЕБИ БОЮНЧА 4-ЖОЛКУ КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУ БОЛДУ

2023-03-10 04:49:53 278

Кыргыз-Кытай факультетинде окутуучулар тарабынан уюштурулган Төлөгөн Касымбековдун «Жетилген курак» китеби боюнча 4-жолку китеп окуу конкурсу аягына чыкты. Конкурска Кытай таануу, Лингвистика, IT-программалоо жана Филология багытынын студенттери катышып, өз ара талкуу болду. Жеңүүчүлөр суроо-жооп жана тесттин негизинде аныкталды, жана ошондой эле конкурстун 5 мыкты катышуучуларына грамота менен китептер тапшырылды🏆 Жеңүүчүлөр: 1-орун(2000сом) Кадырова Дилдора 2-орун(1500сом) Мырзанбетова Бүбүжана 3-орун(1000сом) Төрөбаева Мээрим