ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында өткөн спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылды

2022-12-30 11:39:50 175

2022-жылдын 27-декабрнда ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында өткөн спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөрдү жана өзгөчөлөнгөндөрдү ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктады. Жеңүүчү командалар, байгелүү орундар, мыкты оюнчулар диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Спартакиаданын байге фонду 170 миң сомду түздү. Спартакиада спорттун 8 түрү – футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча өттү. Мелдешке бардык факультеттердин, колледждердин жана лицейлердин педагогикалык жамааттары катышты. Кыргыз-Кытай факультетинин спортчулары: Футбол 40 жашка чейин агайлар командасы – 1 орун Волейбол 40 жашка чейин агайлар командасы – 1 орун Волейбол 40 жашка чейин эжекелер командасы – 2 орун Баскетбол 40 жашка чейин агайлар командасы – 1 орун Теннис 40 жаштан жогору агайлар командасы – 1 орун Теннис 40 жашка чейин агайлар командасы – 3 орундарды камсыз кылышты. Андан сырткары Кыргыз-Кытай факультетинин Каримов Кыяз, Алтынбеков Авазбек, Шамшиев Нурбек «Мыкты оюнчу», Усон уулу Маматаир, Эргешбаева Айжамал «Мыкты Либеро» деген номинацияларына ээ болушту.