КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИНИН «АГАЙЛАР ВОЛЕЙБОЛ» КОМАНДАСЫ ЭКИНЧИ ИРЕТ ЧЕМПИОН

2022-10-26 16:17:07 170

2022-жылдын 21-22-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин факультеттер жана колледждер арасында окутуучу- профессордук курамдын арасында спартакиада башталды. Спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш спартакиадага ачылуу кадамын таштап, бүйүр кызыткан оюндар көп болду. Быйыл окутуучулар жамааты аябай жакшы даярдык менен келип, оюндар кыйын жана кызыктуу болду. Ошентсе да Кыргыз-Кытай факультетинин (Конфуций Институтунун) «АГАЙЛАР» командасы чемпиондук титулду татыктуу коргой алды. Уюштуруучуларга, калыстар тобуна жана бизге күйөрмандык кылгандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Жашасын спорт, жашасын ККФ,  жашасын ОшМУ!