академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстанга барууга даярданып жаткан студентер менен жолугушту

2022-09-16 09:31:15 125

2022 -жылдын 17 август күнү факультетибиздин деканы Т.К.Айтикеев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстанга барууга даярданып жаткан студентер менен жолугушту. Белгилей кетсек ККФнын 11 студенти Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык Улуттук университетине жана Н.С.Нарикбаев атындагы Казак гуманитардык юридикалык университетине 2022-2023 окуу жылынын күзгү семестринде окуп келүүгө бара жатышат. Т.К. Айтикеев өз сөзүндө студенттерге окууларына ийгилик каалап, кеп кенештерин айтып, ак жол каалады. Маалымат үчүн: Сутденттердин Казахстандын ЖОЖдоруна академиялык мобилдүүлүк аркылуу жылына 2 жолу күзгү жана жазгы семестрлеринде барып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.